Жээнбеков Айсулуу балбанга докменттери бүтпөгөн, ызы-чуусу арбын Түлеевден мамлекетке алынган батирдин маселеси катуу талкууга түштү. Мэрия жана шаардык кеңештин депутаттары бул маселени чечип бере албай эстери ооду. Ушундан улам бийликке сындар катуу айтылууда. Айсулуу болсо айкөл экен. Бир да жолу берилди болуп, бирок берилбеген батир тууралуу айткан жок.  Чынында буга чейин кайсы райондон дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчу чыкса, ага жердештери биринчилерден болуп  кымбат баалуу машине, же батир белек кылып келишкенин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок Айсулуунун жердештери кочкорлуктар, айрыкча Кочкордун атактуу курулушчулары:  “Авангард-Стилдин” атасы  Калык Султанов,  “Юнис курулуштун” ээси Рахат Рысалиев, “Ортех-стройдун” кожоюну Канат Исмаилов, саясатчылар Акылбек Жапаров, Аликбек Жекшенкулов баштаган байлар буга чейин  “уялып”, бере албай жүрүшкөн батирин ушу тапта белек кылып берип салышса, жалпы элден бата алышмак. Машыктыруучусу Нурбек Изабековго ыраазычылык кылышса ашыкча болбойт эле…Мамлекет да жанагы тындап бере албай жаткан батири учун абдан уялып калат беле…Балким кочкорлук байлар ойлонуп көрүшөөр… Чынында бул байлар шайтаны көп шайлоодо шекердей эле чачылышат, акчаны асманга самандай сапырышат. Бирок бир белдүү балбан кызга бир батир бергенге жарабай битиреп, титиреп турганы жакшы эмес…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here