Жумгал районунун Кызарт белинен түшкөндө Мойнок-Арык деген жерде таштан курулган илгерки түрмө жайгашкан.

Жергиликтүү тургун Амантур Молдоисаевдин айтымында, бул бай-манаптарга каршы көтөрүлүштө, Кызыл армиянын убагында салынган.

Жумгалдын тургуну Чолпон Үсенова түрмөгө кесилгендерди Жумгалдан Нарынга, Балыкчы жана Бишкекке ташыган учурда ушул жерде тыныгуу болгонун айтат.

«Бир күндө Кызарттын белин ашып кете алышкан эмес. Аларды жөө жеткиришкен. Ушул жерге камап, эртеси жолго чыгышкан. Совет учурунда деле аскерге чакырылган балдарды ушул жерге топтоп, андан кийин Бишкекке, Балыкчыга алып кетишчү», — деди ал.

Жумгалдын тургуну Усуп Жолдош уулунун айтымында, бул жер 30-жылдан баштап 50-жылга чейин түрмө катары колдонулган.

«Ошол мезгилде кылмышкерлерди Чаектеги түрмөдө кармап, андан кийин Нарын же Балыкчыга жөө же арабага салып жеткиришкен. Узак жолдо бул жерди тыныгуу катары колдонгон. Ошондой эле жакынкы айылдардагы кылмышкерлерди ушул жерде кармашкан.

Самудин аттуу милиция кызматкери ушул түрмөдөн Бектурган деген кылмышкерди качырып жиберген дешчү. Эски түрмө. Бул түрмөдө узакка кармашкан эмес. Кызарттык Сатар деген милиция кызматкеринин көп изи калган», — дейт У.Жолдош уулу.

Дагы бир тургун Айбек Нурманбетов чоң аталарынын бири репрессияга кабылып, ушул жерде түнөп, андан кийин алып кеткенин айтат.

«Бул түрмө болгон дешет. 30-жылдан 50-жылга чейин түрмө катары колдонулган. Биздин чоң аталарыбыздын бири Базарбай деген репрессияга кабылып, жөө алып кетишиптир. Аскерлер ошондо ушул түрмөгө киргизип, тыныгып алып андан ары кетишкен экен. Азыр Базарбай чоң атабыздын сөөгү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде», — дейт ал.

Булак: turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here