Чүй облусунун Сокулук районундагы Студенттер айылында кароосуз калган адамга жардам берилди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал аялдамада ооруп жаткан. Аны көргөн адамдар тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок ал кызмат келбегендиктен аталган кишини мечитке алып киришкен.

Сокулук райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунунан билдиришкендей, бул киши ооруканага 14-ноябрь күнү түшкөн.

«Бизге 14-ноябрь күнү саат 22:30 чамасында чакыруу түшкөн. Анда аялдамада ооруп жаткан белгисиз киши жөнүндө айтылган. Биздин Военно- Антоновка айылындагы тез жардам кызматы барып, аны мечиттен алып келишкен. Аны айылдагы аялдамадан көрүп, мечитке алып барган кишилердин айтымында, 60 жаштагы М.Т.ны баласы таштап кеткен.

Биздин кызматкерлер бул кишини Сокулук райондук аймактык ооруканасына жеткирип беришкен. Ал жерден дарыгерлер спирт ичимдигин ичкенден кийин катуу үшүккө кабылган деген диагноз чыгарып беришкен.

Ал кишинин берген маалыматы боюнча, аялы каза болуп калган. Ошондон бери спирт ичимдигин ичип келет экен. Учурда аймактык ооруканада амблутордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here