Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-ноябрда соӊку бир суткада  бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Талас облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1203 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 479 адамга жукту. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында. Оору жуккандардын жалпы саны 66 983 кишиге жетти. Бир күндө 439 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3279 адам жатат, дагы 4043 бейтап үйдөн дарыланууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here