Башкы прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр болду. Булактардын маалыматы боюнча, жалпы 5 башкармалыктын башчылары алмашты.
— Айтбаев Улан Таштемирович башкы прокурордун башкы жардамчысы болду;
— Адыл уулу Кубан мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы;
— Уркунбаев Эмилбек Жолдошалиевич жаза аткаруу мекемелеринде жана мамлекеттик органдарда мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
— Султанов Улук Ташполотович тергөө жана ыкчам иликтөө иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
— Гүлнара Акимбаева кадрлар башкармалыгынын башчысы;
— Касымбеков Таалайбек Макенович (Нарын районунун прокурору) жеке коопсуздук жана кызматтык иликтөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.