Марипов Бакытбек Асамидинович Ноокат районуна аким болуп дайындалды. Бактыбек мырза 32 жашта. 2006-жылы Бишкектеги №70чи мектеп-гимназияны бүткөн. Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин 2010-жылы, 2012-жылы ошол эле окуу жайдын магистатурасын (экономика боюнча), 2013-жылы Ош университинин юридикалык факультетин бүткөн. Эмгек жолун ЖК депутатынын коомдук башталыштагы жардамчысы болуп баштаган. Андан кийин малмекеттик эмес кызматтарда жана Салык полициясында эмгектенген. 2013-жылы Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмтүнүн башчысы болгон. Атасы Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси. Бир тууган агасы Улукбек Марипов 2016-жылдын март айынан бери Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here