Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери («З.Ж.А.») 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматта кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталганы айтылды…

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө уланууда. Милиция кызматкерин кармоого байланыштуу ыкчам издөө иштерин УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүздү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here