Кечээ күнү Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, айрым маанилүү маселелерди айтты.

Алар: 

-Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда 35 депутат бир мандаттуу округдан, 50сү партиялык система менен Жогорку Кеңешке келе алат. Жалпысынан 90го жакын депутат болот.

-Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоонун бир куму да башкаларга берилбейт, өзүбүз иштетебиз

-Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып коёт элем, бирок эртең сөз кыласыңар… Ушул жерден айта кетчү маселе, Жапаров РАИММИЛОНду бир эле сөзү менен каматпай, үй камагына чыгарып койду…

-Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүү эч кимге зыянын тийгизбейт. Чек арачылардын айлыгы көбөйөт. Ал үчүн зарыл болгон 2-2,5 миллиард сомду алчу булак табылган.

– Биздин иштегенибизге жарым айдай эле болду. Эгерде, чынын айтсак, Бакиевдер эле күнөөлүү эмес. Алар чыгарып кеткен 300 миллион доллар боюнча ишти карап жатабыз.

-Бюджеттен сырткары каражаттан насыя алып, төлөй албай калгандардын карызын жабуу үчүн 1,2 млрд. сом бөлүнөт.

-Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Толук кандуу үч окуудан өтүп келсе, кол коюп анан кетем

-Эгерде президенттик шайлоодо жеңилип калсам, анда тарапташтарым митингге чыкпайт…  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here