Элмырза Үкүбаев «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымат таратты. Жаңы жетекчи 2017-жылга чейин депутаттын жардамчысы, соңку убактарда Кумтөр кени боюнча долбоорлор менен алектенип жүргөн. «Кыргыз алтындын» директорлор кеңеши Үкүбаевди башкаруучулуктун төрагасы кылып дайындоо чечимин кабыл алган.
Ал 2017-жылдын 13-декабрына чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштеген. Соңку убактарда Кумтөр кени боюнча долбоорлор менен алектенип жүргөн.