Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков кечээ күнү Ала-Тоо аянтында манасты 14 саат 27 мүнөт  тынбай айтып, дүйнөлүк рекорд жаратты. Максат манасты 14 саат айтып, Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине катталуу болчу. Кудай буйруса, аруу ниет менен коюлган асыл максат ишке толугу менен ашты десек болот. Ал 14 саат 27 мүнөт бою бир тамчы суу ууртабай, бел да бошотпой тынымсыз айтып, бир гана кыргыз элин эмес, жалпы дүйнө элин таң калдырды.  Күүсүнөн жанбай күпүлдөгөн манасчы манасты эртең мененки саат 9:32 ден баштап айтып,  манаска кызыккан элди түнкү саат 00:15терге чейин   манас дүйнөсүнө жетеледи.

Башталышы…

Өзү болсо МАНАС ааламына аралашып, кайыптардын арасында жүрдү.

Дөөлөт Сыдыковдун апасы Майрамкүл апа…

Ал манастын кайгылуу жеринен көз жашын көлдөтүп, ыйлап жатса, айрым бир чабышкан, согушкан эпизоддорунан чар тарапка чамгарактап, чагылгандай чартылдап, нөшөрдөй сабалап төгүп айтты. Ал жөн эле эмес, чын МАНАС дүйнөсүн көрүп айтты. Манастын урпактары эшик суук болуп, кар жаап жатканына карабастан манасчыны сүрөп, демине дем кошуп, алкап, мактап турду. Манасчы сабалап манас айтып жатканда асмандан аппак болуп кар жаады.  Ак карды эл жакышылкка, аруулакка жоруду. Ылайым, элибизде жакшылыктар болуп турсун! Ала-Тоо аянтында мындан ары митингдер эмес, манасчылар манасын айтып, таланттуулар талантын таңшыта берсин, өлкөбүз өргө чыгып, өнүксүн деп тилек кылып, бата кылышты. Элдин ушул улуу тилеги ишке ашысын!  

   Канткен менен суук деген суук эл да үшүдү, жерден боюн эми көтөрүшкөн жеткинчектер да жер тепкилеп, суукка кайыкты. Ушундан улам, уюштуруучулар  кайып дүйнөнүн каармандарын катары менен айтып жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду 14 саат 27 мүнөт болгондо токтотуп коюшту. Болбосо, күн жылуу болгондо Дөөлөт мырза манасты дагы да узак, узак  айтмак. Ушуга шүгүр деп, ушуга да таазим кылалы. Аманчылык болсо мындан да узак айтарына эл терең ишенди. Бар бол, Дөөлөт баатыр! Сени менен жалпы кыргыз эли, Манаска суктанган бүт дүйнө суктанат! Өнөрүң өркүндөп, МАНАСты бүт дүйнөгө даңазалай бер! Кем болбо, керемет талантыңды дагы да ташкындата бер!

https://www.instagram.com/p/CHgBuz_paXc/

Эске сала кетсек, бул иш-чарга жеке ишкер, кыргыздын мекенчил уулу Азат Исакунов демөөрчү болду. Дөөлөт мырза манас айтып бүткөн соң ага ак батасын берди.

Азат Исакунов…
Дөөлөт абасын колдоп, иш-чаранын башында манас айткан кадимки Үмөт манасчы…
Манас айтылып башталганга чейин комузчулар күү чертишти…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here