Башкы прокуратура: Баш калаадагы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын сынак комиссиясынын «Балалык» паркын оңдоп-түзөө боюнча тендерди «Ак-ниет Курулуш» фирмасына берген чечиминен мыйзамсыз жагдайлар аныктады. Тагыраагы аталган жоопкерчилиги чектелген коомдо суу менен камсыздоо, канализация, трансформатор орнотуу, электр менен камсыздоо, электр линияларын тартуу, технология жабдууларын оңдоого байланыштуу лицензия жок болгонуна карабай келишим түзүлгөн. Мындан сырткары жумуштарды баалоо актыларын текшерүүдө айрым иштер кымбат аткарылганы аныкталган. Каржылоо долбоордук-сметалык суммадан 1 043 887 сомго ашып кеткен.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өзүнүн же башкалардын пайдасы үчүн мамлекетке зыян келтиришкен. «Балалык» паркы Бишкектин Байтик баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Сквердин курулушу 2020-жылдын февралында башталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here