Араван районунда медайымдарды опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү милицияга белгисиз адам Араван районунда коронавирус илдетине каршы күрөш жүргүзүп жатышкан Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымдары И.Х менен М.Г.ны «Коронавируска байланыштуу тактаманы кечиктирип, туура эмес бердиңер. Жумушуңардан алдыртып салам» деп коркутуп 100 миӊ сом акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

«Алынган ыкчам маалымат Ош ОИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган окуя боюнча тийиштүү ыкчам тергөө аракеттери көрүлүп, акча талап кылган адам Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну К.Ф. экендиги аныкталган. Ал буга чейин медайымдардан опузалап 31 миӊ сом алганы такталды. Бирок аны менен тим болбостон кылмыштуу аракетин улантып, И.Х менен М.Г.дан дагы 20 миң сом акча алып чыгып бара жаткан жеринен Ош ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Жанынан табылган акчалар толугу менен алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалды. Ф.К.нын жүрүм-туруму боюнча башка Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарына катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда иш боюнча тийиштүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп, калган башка кылмыштуу аракеттерин аныктоого багытталган иштер улантылууда», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here