Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Талант Узакбаев Президенттике талапкерлигин кое турган болду. Бул тууралуу чечимин социалдык баракчасына төмөнкүдөй жазды:

-Урматтуу мекендештер!Саясат айдынында, ары карап, бери карап көрүп мен дагы президенттикке өзүмдүн талапкерлигимди коюну чечтим. Буга чейин мамлекеттик кызматтардын бир топ тепкичин басып өткөн инсан катары, бизнес айдынында иш жүргүзгө н адам катары жана турмуштан бай тажрыйба топтогон адис катары, мен эл үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн, президент катары көптөгөн маселелерди чечем деген тереӊ ишеничтемин. Буга түрткү берген — бул бүгүнкү күндөгү саясий, экономикалык, социалдык жана көптөгөн башка көйгөйлөр болууда. Мындай ахыбалда жоопкерчиликти моюнга алып, элим-жерим, мамлекетим үчүн иштейин деген чечимге келдим. Көйгөйлөрдү кантип чечүү жолдору, келечекте менин программамда так жана толук чагылдырылат.Сиздерди урматтоом менен Т.Узакбаев.

Өмүр баяны:

Узакбаев Талантбек Макишович 1960-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.
Билими жогорку.
1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Ветеринария” факультетин аяктаган.

1978-1980 жылдары Советтик аскер катарында кызмат өтөгөн.
1977-жылы Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Барскоон” совхозуна жумушчу болуп иштеп баштаган.
Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1985-1986 жылы Жети-Өгүз районундагы Шевченко колхозунда ветеринар даарыгер болуп эмгектенген.
1986-1988 жылдары Ак-Суу районунда жайгашкан “Тургень” совхозунда ветеринар даарыгер, 1988-1991 жылдар аралыгында “Тургень” сүт товар фермасынын башчысы болуп эмгектенген.
1991-2003 жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Бата” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору болуп иштеген.
1993-2000 “Махмуд кашкари” СПнын Президенти болуп Бишкек шаарында иштеген.
2000-2003 “Бугу” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Каракол шаары.
2003-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси болуп иштеген.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Башкы ветеринар инспектору болуп дайындалган.
2005-2006 жылдары КМЫ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айыл суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалган.
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А.Дүйшеев атындагы ветеринария институтунун улук илимий кызматкери, Илимий кеңештин мүчөсүндө турат.
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңешинин V-чакырымына депутаты.

2019-жылдан тарта Ветеринария кызматтын Түндүк региону боюнча ветеринардык-диагностикалык борбордун жетекчиси:

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги”, Ветеринарияя илимдеринин кандидаты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here