Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат таратты

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаковдун кармалышына Канназар Ыдырысовдун  кайрылуусу себеп болгон.

Канназар Ыдырысов Садыр Жапаровдун 3-ноябрдагы эл менен жолугушуусунда  «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш тартып алганын айтып, бул маселени чечүүнү суранган.

Ведомстволор аралык тергөө-тобунун иликтөөсүнөн кийин Улукбек Өмүрзаковдун Ыдырысовго тиешелүү кенди рейдерлик жол менен басып алганы аныкталган. Жана бул ишке катышы бар деп дагы үч адам кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here