Кыргызстандын президенти болуу үчүн талапкерлигин көрсөткөн адамдардын саны 15ке жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Кечээ дагы үч жарандан БШКга арыз келип түшкөн. Алар төмөнкүлөр:
- Кубанычбек Кадыров — 50 жашта, «Чындык» саясий партиясынын лидери;
- Азамат Эсенбеков — 36 жашта, «Алфа-Телеком» компаниясынын кызматкери;
- Аймен Касенов — 46 жашта, Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин студенти.
Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган.