Бүгүн, 12-ноябрда мурдагы билим берүү жана илим министри
Каныбек Исаков көз жумду. Алдын ала маалыматка караганда, ал пневмониядан улам дүйнө салды.
К.Исаков 2019-жылдын сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин министрлик кызматты аркалаган. Ал 1969-жылы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. Филология илимдеринин доктору, профессор болчу. Министр болгонго чейин Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректору болуп эмгектенген.