Коомчулукка журналист катары таанылган Кудурет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагына генералдык директор болуп дайындалып жатканы боюнча маалымат тарады. Эске сала кетсек, акыркы 3-4 жылда БЭЭАны Дүйшөн Ырысалиев БЭЭАны жетектеген. Аны жакында эле Садыр Жапаров кызматтан бошоткондон кийин, ордуна бара турган бир катар адамдардын аттары аталып жаткан. Тайчабаровдун бир тууган карындашы Адинай Марипова парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен катышкан. Кудурет мырза акыркы жылдары Москвага кетип калып, блогер катары Жапаров, Ташиевдерди катуу колдоп келген. Маалым болгондой, БЭЭАда өкмөт тараптан жеңилдик алган жүздөгөн ишканалар иштеп, кыргыз экономикасына чоң салым кошуп келет. Кудурет мырза, БЭЭАны канчалык деңгээлде өнүктүрөт, аны убакыт көрсөтөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here