Жалал-Абадда милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн УКМК 11-ноябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери УКМКнын жана милициянын биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кармалды. Ал жергиликтүү тургундан жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган деп шектелүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here