Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандардын саны 15 адамга жетти. Бүгүн, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, “Альфа-Телеком” ишканасынын кызматкери Азамат Эсенбеков жана Чехиядагы Нью-Йорк университетинин студенти Аймен Касенов кайрылышты.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байкуттиев БШКга расмий арыз тапшырышкан. Шайлоого катышарын саясатчы Садыр Шер-Нияз да билдирген.

Талапкер болууну каалагандардан арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here