№47 колониядагылар кримтөбөл Камчы Көлбаевди дасторкон жайып, ыр менен тосуп алганы туурасындагы видео социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаев катышкан видеону тартып алган адам айып изоляторуна киргизилгенин кабарлады.

Маалыматта:

«Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө видео 5-ноябрь күнү тартылганы маалым болду. Бул күнү мекеменин администрациясы план боюнча Тарых жана ата-бабаларды эскерүү майрамына карата спорттук иш-чара, анын ичинде чакан футбол турнирин уюштурган. Түшкү тамак учурунда дасторкон жайылып куран окутулган», — деп айтылат

Текшерүү учурунда абакта жаткан 24 жаштагы жигиттен телефон табылып, видео анын аппаратына тартылганы аныкталган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 164 жана 202-беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here