Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Пенсильвания штатында ал шайлоочулар коллегиясынын 20 добушун алды. Ага удаа эле Невада штатынын алты добушу да кошулду. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкты. Бирок Жоржия, Аризона штаттарында добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Жо Байден Трамптан алдыда бара жатат.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды «шашылыш тараткан жалган маалымат» деп баалады.

https://www.instagram.com/p/CHUQRVcDR4-/

78 жаштагы Жо Байден менен бирге 56 жаштагы Камала Харрис вице-президент болуп шайланды. Харристин атасы — АКШга 1961-жылы Ямайкадан көчүп келген, Стэнфорд университетинин профессору. Апасы 1959-жылы Индиядан келип, Америкадагы онкология жана гендик изилдөө тармагында биолог болуп эмгектенген. Харрис өзү узак убакыт бою Калифорнияда башкы прокурор болуп, 2017-жылы Конгресске шайланган.

Байден расмий кызматка 2021-жылдын 20-январынан тарта киришип, АКШнын тарыхындагы 46-президент болуп калат.

Жеӊилген Трамп…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here