Эркин Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшавадагы эл аралык турнирде финалда таза жеңишке жетип, жеӊүүчү аталды.
Финалда Тыныбекова 62 килограммда россиялык Анжела Фоменко менен кармашып, атаандашын 10:0 эсебинде жеӊди.
Ал финалга чейин россиялык балбан Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини чоӊ айырма менен уткан.