Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин, тойканаларды 15 күнгө жабууну ойлонуп жатканын билдирди. Түлөбаев бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Тойкана ээлери, бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз», деп жазды ал.

5-ноябрга карата COVID 19 оорусу өлкөдө 535 адамдан жаңыдан табылды. Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска 61 309 кыргызстандык чалдыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here