Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризиске байланыштуу эл аралык жардамга ээ болуу үчүн 1 млн долларлык келишимге кол койду. Бул тууралуу Форейнлобби (Foreignlobby) порталынын «Кыргызстандын жаңы президенти АКШ, Израиль, жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташууну лоббирлөө үчүн 1 млн долларлык келишимге кол койду» деген макаласында айтылат.

«Президент Садыр Жапаров Израилдин чалгын кызматынын мурдагы офицери Ари Бен-Менаше менен 30-октябрда келишимге кол койду. Ага ылайык, Бен-Менашенин Канаданын Монреаль шаарындагы «Dickens & Madson Canada» фирмасы АКШда жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө Кыргызстандын бийлигинин кызыкчылыгын коргоп, бул өлкөлөрдүн Кыргызстанга жардам берүүсүн камсыздаш керек», — деп айтылат келишимде.

Маалыматка караганда, «Dickens & Madson» компаниясы макулдашылган сумманын жарымын алды.

Лоббисттердин маалыматына караганда, «Dickens & Madson» компаниясы АКШдан Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясы жана анын экономикалык кесепеттери менен күрөшүүгө материалдык жардам издейт. Анын алкагында кыска убакытта Садыр Жапаровдун АКШнын бир катар жогорку кызматтагы адамдары менен жолугушуусу уюштурулат. Жолугушууда коопсуздук жаатындагы мамилелер, экономикалык кызматташуу маселеси талкууланып, карыздарды төлөө үчүн акчалай жардам көрсөтүү боюнча макулдашууларга ээ болуу аракети көрүлөт.

Андан тышкары Бен-Менашенин Жакынкы Чыгыштагы байланыштарына таянуу менен бул региондон да жардам изделет.

Ошондой эле келишимге ылайык, Садыр Жапаровдун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуусу уюштурулушу керек. Ал эми Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги Кыргызстандын жол инфраструктурасына, өлкөнүн шахталарын жана мунай зат чыгуучу кендерин иштетүүгө инвестиция бериши үчүн Садыр Жапаровдун Эр-Рияд жана Абу-Дабиде да жолугушууларын уюштуруу каралган.

Израилдин өкмөтүнөн Кыргызстандын айыл чарбасына жана өлкөнүн коопсуздугуна инвестиция сунушталышы мүмкүн. Ал эми АКШнын жеке менчик ишканалары Кыргызстандын айыл чарбасына, айрыкча пахта өстүрүү жаатына инвестиция кылуусу каралат.

Кыргызстандын бийлигинин атынан мындай келишимге Карчыгаев Абдыманап Жолдошевич кол койгон. Келишимде «Ренессанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын мөөрү турат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Ренессанс» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү болуп Карчыгаев Алтынбек Абдыманапович, Карчыгаев Кайратбек Абдыманапович, Абдыманап кызы Күмүшай саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here