«Республика-Ата Журт» фракциясы өзүнүн мүчөсү Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунуш кылды. Мындай сунушту фракциянын төрагасы Жыргалбек Турускулов парламенттин 4-ноябрдагы отурумунда билдирди.

Ушул эле күнү парламенттин төрагасы Канатбек Исаев кызматынан кетерин жарыялаган. Муну саясатчы өзү жетектеген «Кыргызстан» саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган. Талант Мамытов — президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Ал төрага болуп калса президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

10-декабрда өтө турган президенттик шайлоого Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов баштаган алты саясатчы буга чейин билдирген.

Канатбек Исаев төрага болуп 13-октябрда, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп 15-октябрда бекитилген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here