Достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол кийимдерди эле кийип жүрөм, деди президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сынга түшкөн кийимдердин баасы тууралуу айтып берди

«Камчы досум бир куртка алып келип берди. Анын деле баасын сураган жокмун. Балким аны эртең кийип чыксам, аны деле сындашы мүмкүн. «Мекенчилдер» Москвадан, Казандан чогулуп, кийим алып, берип жибериптир. «Башын куттуктаганыбыз болсун» деп. Эми достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол кийимдерди эле кийип жүрөм. Эл кийген эле кийимдер. Бирок баасын сурабайм, кызыкпайм дагы. Кымбат же арзанына карабайм, мага жарашыктуу болсо кие берем. Өзүм дүкөндөн же базардан барып кийим албайм. Келинчегим алып келип берет», — деди Жапаров.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here