Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты

Маалыматта: 2-ноябрда шаардык милицияга 28 жаштагы шаар тургуну Б.У.С.дан маалымат келип түшкөн, анын айтымында, ал көп кабаттуу үйдүн балконун тазалап жатып, өлгөн наристенин денеси салынган баштык таап алгандыгы айтылат. Кожоюн бул батирди 2-октябрда сатып алып жаңы көчүп келишкен. Ал эми үйдө анын бир тууган жээни, тактап айтканда, наристени төрөгөн кыз жашап жүргөн. 18-октябрда ал Кара-Кулжа районуна кетип калган.

Сотко чейинки өндүрүштө наристенин денесине сырттан кароо жүргүзгөндө ал 15 күн мурун төрөлгөнүн, жынысы эркек экени аныкталган. Анын киндиги кесилбей төрөлүп, денеси чирип, курттай баштаган.

3-ноябрда Кара-Кулжа районунун 2000-жылы туулган тургуну И.К.Б. аттуу кыз кармалып, учурда тергөөдө сурак берүүдө. Ал бала өлүк төрөлгөндөн улам коркуп кетип, баштыкка ороп койгонун айтууда. Азыркы тапта балага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизада бала өлүк төрөлгөнү аныкталса кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Эгер ал тирүү төрөлүп, анын өлүмүнө энеси себепкер болсо, анда кызга карата жоопкерчилик катуу каралышы мүмкүн. Экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча кыз камакка алынбайт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here