Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунда 29-октябрда үч эм төрөлгөн. Бүгүн, 4-ноябрда алар үйүнө чыгарылды.
Үч эмдин энеси Сезим Ырысбек кызы балдарына Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдарды беришкенин билдирди.
«Мындай чечимди ата-энебиз кабыл алды. Ысымдарды президенттин милдетин аткаруучунун урматына ыйгардык», — деди ал.
Үч эм 2 кг 20 гр, 2 кг 300 гр, 2 кг 500 гр болуп төрөлүшкөн.
