Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб: 3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 400 киши, ал эми каза болгондор 4 адам экенин маалымдады.

Каза болгондор: Бишкек-2, Баткен -2 адам. Марттан бери вирустун курмандыктары расмий эсеп боюнча 1159га жетти.

Вирус эң көп баш калаа Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тарап жатат. Бир сутка ичинде 547 киши сакайып чыкты. Жалпы бул оорудан айыккандар 51 288.

Азыркы тапта стационарда 3367 бейтап дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлердин арасынан дагы беш кишиде вирус чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here