Ош шаарында иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди. Суроо-жооп учурунда ал Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирди. Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт.

«Партиялык система деп үчүнчү жолу келип мамлекетти талкалап, сазга батырды. Азыр жаңы конституциялык реформалар боюнча бир мандаттуу системага келели десек, партиялык система болсун, жарымы бир мандаттуу деп талашып жаткандар бар. Долбоордо жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык деп көрсөтүлдү», — деди Жапаров.

Жапаров коомчулукта толук бир мандаттуу системаны колдогондор көп экенин белгилеп, бардык пикирлер эске алынарын билдирди. Жапаров Ошто эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирип, Конституциялык кеңешме түзүлөөрүн айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here