Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагында  жумушчу сапары менен жүрөт. Бүгүн Ош шаарынын борбордук стадионунда Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Кечээ күнү Баткенде эл менен жолуккан.

Оштун мугалимдерин Садыр Жапаров менен жолугушууга чакырылган билдирүү тараганын Нурсултан Акылбек «Твиттер» баракчасына жарыялады. Ага мугалимдердин «Ватсап» группасына жиберилген билдирүү келип түшкөн.

«Бардык мугалимдерге паспортун борбордук стадионго ала келүүсү тууралуу буйрук берилиптир», – деп жазат Акылбек. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров менен жолугушууга 4 миңге жакын адам келген. Баткенде да ушунча сандагы эл топтолгону айтылууда. Эки облуста теӊ короновирус күчөп жатканы буга чейин көп айтылып, көп жазылды. Жапаров Жалал-Абад облусунун эли менен жолугушмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here