Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен кармалган адам оозун тигип, билек тамырларын кесүүгө аракет кылды. 28-октябрда Данияр К. аттуу жаран Түркиянын атуулунан Камчы Көлбаев үчүн 20 миң сом опузалап өндүрдү деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Анын жактоочусу Самат Матцаков «Азаттык» радиосуна: «Данияр өзүн «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмесмин» деп жатат. Ал өзүнө карата милиция психологиялык-моралдык кысым жасаганын айтты. 1-ноябрда ал оозун шыпыргынын зымы менен тигип алып, билектерин кесиптир», — деген маалымат берди.

Камактагы жарандын абалын көрүш үчүн 2-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкери, Свердлов районунун прокурору жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкери барган.

Шектүүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, бирок ал оозун тиккен зымды чыгаруудан баш тарткан. Шектүүнүн жакындары 3-ноябрда «Акипресс» агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, калыстыкты талап кылышты.

Ал адвокаты аркылуу: «Мен басма сөздө жазылгандай Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү эмесмин. Аны тааныбайм, бир да жолу көргөн эмесмин. Мен Кытайдын жылытуучу системаларды чыгарган заводунда иштечүмүн, андан мурда Орусияда иштеп келгем. Эч кимге жамандыгым жок», деген кайрылуусун жиберген.

28-октябрда Түркиянын жараны (А.И.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-октябрда кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тааныштырып, андан 20 миң сом талап кылышканын айткан. Арыз ээсинин маалыматы боюнча аны коркуткандар камакта отурган кримтөбөлгө колдоо керек болуп жатканын айтып, андан баш тарткан ишкерди өлтүрүп, мүлкүн талкалап кетерин айтып опузалашкан.

Бул факт Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында акчаны алып жаткан учурда 37 жаштагы И.Э. жана Б.С. аттуу (башка аты К.Д.) кармалды. Кармалгандардын экинчиси Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Доня» деген лакап ат менен каттоодо турганы аныкталды. Милиция билдиргендей, кармоо учурунда алардын автоунаасынан эки тапанча эки огу менен алынды.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткүчө камакка алынган.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Кыргызстандагы бизнес-ассоциациялар жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун ишканаларын басып алуу аракеттери уланып жатканын 23-октябрда Бишкектеги жыйында маалымдашкан. Алар кеминде 50дөй факт бар экенин билдиришкен.

Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here