2013-жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын жетектеп келаткан Кыргызбай Осмоновду кызматтан кетирүү талабы айтылып, бул боюнча аракеттер көрүлүп баштаганы маалым болду. Осмоновдун ордуна опера ырчысы Жеңиш Ысмановду алып келүү талабы айтылууда. Осмонов кызмат ордун сактап калуу үчүн өзүнүн кол алдындагы жамааттын атынан Садыр Жапаровго кат жолдогону жатыптыр. Ал эми Жеңиш Ысманов Италияда билим алып, Европанын белгилүү опералык театрларында ырдап келген жана Эл аралык конкурстардын бир нече жолку лауреаты. Кыргызбай Осмоновдун филармонияга чейин КырДрамды 10 жылдай жетектеп тургандагы мезгилде коррупцияга байланыштуу бир топ былыктары ЖМКларга байма-бай чыккан. Бирок жоопко тартылбастан, тескерисинче филармонияга жетекчи болуп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here