Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Салык төлөөдөн качкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт койгону айтылат. Анын алкагында товар сатып алуу деген негиз менен 180 миллион доллардан ашуун каражат Кытайга мыйзамсыз түрдө жөнөтүлгөнү аныкталган. Маалыматта:

«Тергөө кылмыштуу топтун жасаган мыйзамсыз иштеринин натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,1 миллиард сом зын келтирилгенин тактады. Башкача айтканда, алар ири суммада салык төлөгөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 29-октябрда А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here