Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек деп эсептейт. Жапаров Баткендеги иш сапарында: «Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», — деп билдирди.

Ошондой эле Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү аркылуу чечерин белгиледи.

Садыр Жапаров Баткен облусуна 2-ноябрда барып, Бакай айылына жакын Көк-Таш — Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Учурда УКМКны Садыр Жапаровдун досу саналган экс-депутат Камчыбек Ташиев башкарып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here