АКШ Кыргызстанга шайлоо өткөрүү жана коронавируска каршы күрөшүү жагынан көмөктөшөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Жонатан Хеник АКШнын Тынчтык институту 28-октябрда уюштурган талкууга катышканда айтты. Ал өз сөзүндө:

«Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылы кечирээк болорун билдик, ал шайлоо эркин жана таза өтөт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын жетекчилиги Конституцияны жана мыйзам үстөмдүгүн сакташы өтө маанилүү. Кыргыз Республикасынын лидерлери уюшкан кылмыштуу топтордун саясатка жана шайлоо жараянына тийгизген таасирин токтотуш үчүн күрөштү улантышы керек. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Камчыбек Көлбаев жана Райымбек Матраимовду кармап, жоопко тартуу аракетин колдойбуз. Биз Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз менен такай байланышта болуп, Кошмо Штаттар алдыда болчу шайлоого, коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө жана пандемия менен күрөшкө көмөктөшөт» — деди.

АКШ Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери эки миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү, анын ичинде быйыл беш миллион долларды COVID-19га каршы күрөшүүгө бөлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here