“МИС” (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгени аныкталганын Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы билдирди.

30-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда компаниянын өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30га жакын объекти бар экени такталган.

Финполдун кабарына караганда, “МИС” ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар. Алар “E.C.L.” деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны. Ачык булактарда аталган компания депутат Акылбек Жапаровго таандык экени, жубайынын атына катталганы айтылып келет.

Бул компанияга эки жыл мурун кылмыш иши козголгон. УКМК ишкананын өкмөт алдындагы карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзгөн

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here