Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов менен кошо мекемеге караштуу башкармалыктын, бөлүмдүн жана лабораториянын башчылары кармалды. Бул тууралуу 30-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты

Маалыматта: кармалгандар туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкан деп шек саналууда. Атайын кызмат азыр соттук териштирүү жүрүп жатканын, мамлекеттик сатып алуу системасы аркылуу малды эмдөө үчүн биопрепарат жана вакцина сатып алууда мамлекетке пайдасыз келишимдер жең ичинен түзүлүп, бюджеттен акча өөнөлгөнү айтылат. Эсеп палатасынын аудити бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу боюнча бир эле фактынын негизинде мамлекетке 31 миллион сомдук зыян келтирилгенин аныктаганын кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here