29-октябрда кечиндеУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү – Орусиядагы кыргыз диаспорасынын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес. Ташиев Москвага атайын иш сапары менен келгенин, анын алкагында диаспора жетекчилери менен жолугушуп жатканын белгилеп:

«Мамлекеттин жетекчилери өзгөрдү. Сиздердин, элдин-журттун каалоосу менен, тилеги менен, сиздердин аракетиңиздер менен мамлекетибиздин башында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров болду», — деп, ыраазычылык билдирген.

Ташиевдин катарында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Эркин Айдит, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, миграция кызматынын башчылары, элчиликтин башка кызматкерлери да отурганын көрүүгө болот.

УКМК жаңы дайындалган жетекчисинин Орусияга сапары жана максаты тууралуу расмий кабар тараган жок. Кыргызстандын башкы чекисти чет мамлекетте мигранттар менен жолуккан учур алгачкы ирет катталды. Жолугушуу «Президент-Отель» мейманканасынын банкеттик залында уюштурулган. Москванын борборунда турган мейманкананын «Большой Петровский» залынын эки сааттык ижарасы 180 миң рубль турат. Бул каражат кимдер тарабынан төлөнгөнү азырынча ачыктала элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here