34 жаштагы Акын Мамбеталиев быйыл февраль айында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Тажрыйбасы аз, өзү жаш болсо да «башка , көзгө койгулап» иштеткенге жакшы дешти белем, же «токочтуу бала сүймөнчүктүү» болдубу, айтор Жээнбековдун бийлиги бул балага өзгөчө көӊүл бурган эле. Төӊкөрүштүн арты менен бийлик башына келген Садыр Жапаровдун өзү кызматка анчалык бекем олтура элек жатып, жалаӊ «майлуу» кызматтарга Ысык-Көлдүктөрдү, так айтканда жердештерин, мамилелештерин бир тыным албай дайындап жатканы жалпы коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Кыскасы, бул жагынан алганда «ат көрбөгөн минип өлтүрөт» болууда. Чынында мындайдын арты жакшы болбос…

Жапаров жактырган көлдүктөрдүн катарында биз сөз кылып жаткан Акын Мамбеталиев да бар. Акын өзү Бишкекте туулганы менен түбү Көл жергесинен экен. Чынында Мамбеталиевдин февраль айынан берки ишин тыкыр иликтеп, быкы-чыкысын ачыктап койсо, кызматтан кызматка секирмек тургай жооп берип деле калышы ажеп эмес эле. Жапаров Бишкек СЭЗди 3-4 жылдан бери жетектеп келаткан Дүйшөн Ырысалиевди алып ыргытып, анын ордуна Маметалиевди дайындай турганы маалым болду. Ал эми Мамбеталиевдин ордуна жүргөн жери ызы-чуу, тиши өткөн, өтпөгөн маселеге деле мурдун тыга берген «айтылуу» популист жигит Мелис Аспеков дегенди дайындай турганы айтылууда. Жапаровдордун Аспековго окшогондорго күнү түшсө, анда абалы абдан эле чатак болуп жаткандагысынын дагы бир далили… Кысыталактыкы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here