Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө 21 жаштагы келин 3 уул төрөдү. Алар 29-октябрда жарыкка келген.

Патология бөлүмүнүн башчысы Руслан Агайдаровдун маалыматы боюнча, ымыркайлардын салмагы 2 кг 20 грамм, 2 кг 300 грамм, 2 кг 500 грамм болгон.

Жаңы көз жарган эне Нарын аймактык ооруканасына 6-октябрда кайрылган. Кош бойлуулуктун 31-32-жумасында абалы оор болгондуктан Бишкекке которулган. Бишкектен дагы анын абалы оор деп бааланып, дарыгерлердин консилиуму өткөн.

«Консилиумдагы чечим менен кош бойлуулуктун 35-жумасында — 29-октябрда саат 11:20да операция жолу менен 3 эм жарыкка келди», — деди дарыгер.

Ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Алар өз алдынча дем алууда. Учурда балдардын жандандыруу бөлүмүндө.

Апасынын абалы туруктуу. Ал учурда интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмүндө.

Операцияны хирург Руслан Агайдаров жасап, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүндөгү дарыгерлер аралашкан. Наркозго реанимация бөлүмүнүн башчысы Момун Рахманкулов жооптуу болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here