«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 29-октябрда (Финансы полициясы) кабарлады.

Анда айтылгандай, тергөө учурунда «Кыргыз темир жолунун» жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген.

Каржы полициясы билдиргендей, көрсөтүлгөн вагондор мамлекеттик ишкананын балансында турган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, вагондорду бузуу Мүлк фондунун адисинин катышуусу менен өтүшү керек болчу. Фонд берген жоопко ылайык, эч кандай уруксат кагаздары берилген эмес.

Каржы полициясынын маалыматына караганда аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда. Чыгымдын так суммасы эсептелип жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жарандын бөгөт чарасы 29-октябрда каралмакчы.

Кылмышка шектүү катары кармалган Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысынын аты-жөнү аталган эмес. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын сайтында бул кызматты «Кыргыз темир жолу» Джетенбаев Канат аркалаары көрсөтүлгөн. Кылмышка шектелип кармалды деп айтылып жаткан кызматкердин тараптары жана жактоочулары эч кандай комментарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here