Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) аварияга кабылганын жазып, социалдык тармактарда сүрөт, видеолорду жарыялап жатышат.

Башка колдонуучулар борбор шаардын бир топ райондорунда жарык өчүп калганын жазышты. Мэр Балбак мырза бул боюнча себептерин айтты:

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров 27-октябрда Бишкек ЖЭБинин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип кеткен.

Бишкек ЖЭБи жалпысынан 129 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240 чамалуусу — социалдык обьект.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here