Социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Элвира Сурабалдиева, ал эми буга чейин бул кызматты аркалап келген Аида Исмаилова Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчиликке сунуш кылынууда. Экөөнүн тең талапкерлиги 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде колдоого ээ болгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сурабалдиева мандатын тапшырганы 27-октябрда белгилүү болгон. Исмаилова өкмөт башчынын орун басарлыгына быйыл 1-апрелде дайындалган.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген кызматынан 27-октябрда алынган.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы талапкерлер тууралуу маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын талкуусуна коюлат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here