Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта кармалуу шартын көрүп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков буларды айтты:

«Атамбаев кармалып жаткан камерада суу чыгып жатыптыр. Канализацияны жаңы кошуптур. Жылуулук өтө жакшы болбосо да берилип жаткан экен. Ал киши ачкачылыгын улантууда. Биз барганда кан басымын өзү текшерип, абактын дарыгерлерине ишенбей жатканын айтты. Ошондой эле ал негизги нааразычылыгы катары соттук процесстер ачык өтүш керектигин билдирди. Учурда Атамбаев төрт кишилик камерада экономикалык кылмыштар боюнча соттолгон бир киши менен чогуу отурат.»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирген. Ал Атамбаевди мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын, мурдагы мамлекет башчы ачкачылык акциясын баштаганын, абалы начар экенин айткан эле.

Замир Жоошев ошондой эле Алмазбек Атамбаев жайгаштырылган жертөлөдө көптөн бери эч ким болбогондуктан, жылуулук жаңы гана берилгенин, камеранын эшиги ачык, канализациясы иштебей жатканын маалымдаган. ЖАМК муну ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Мекеменин басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат таратарын кабарлаган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошоткон Атамбаевди атайын кызмат 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу кайра кармап кеткен. Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here