Садыр Жапаров үч күндөн бери кеңешчиси Акылбек Жапаровду таба албай жаткандыгын айтты.

«Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим эмес», — деп билдирди Жапаров.

Анын айтымында, Жапаров үч күндөн бери жумушка келе элек.

“Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай жатам. Жумушка келе элек. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт”, — деди Жапаров.

Премьер-министр парламенттик шайлоо алдындагы дебаттарда Акылбек Жапаров уят сөздөрдү колдонуп сүйлөгөнү үчүн аны жактырбай калганын кыйытты.

“Жакында эле теледебаттарды көрдүм. Анда Акылбек Жапаров адепсиз сүйлөгөнүн өз кулагым менен уктум. Темирлан Султанбеков менен акыйнек айтышканы үчүн кызматтан алам. Жаш бала менен айтышканын туура көрбөдүм”, — деди Жапаров.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here