Кыргызстанда бир сутка ичинде 606 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол элде маалда 279 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. Бул жаман илдеттен 4 адам каза тапкан

Ага ылайык, өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 97;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 184;
  • Баткен облусу – 105.
  • Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Анын ичинен 47 616сы айыгып, 1 134 бейтап көз жумду.

Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here