Төрөхан Жунусбеков деген активист Бишкек шаарына мэр болгусу келгендердин бири. Ал Суракматов кызматтан кетип жатып, өз ордуна айтылуу «коррупционер» Нариман Түлеевди дайындап кеткенде, ага каршы чыккандардын катарында болгон. Ал тургай: «Мэр мен болом, мен Бишкек шаардык кеӊешиндеги фракция лидерлери менен сүйлөштүм, алар макулдук беришти, депутаттар мени шайлашат»— деген кыязда кыйкырып чыккан. Көрсө, мэрлик кызматка жулунган Жунусбеков дегениӊер туубасы калпычы неме окшобойбу. Неге дегенде Бишкек шаардык кеӊешиндеги СДПК, «Өнүгүү — Прогресс» жана «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын лидерлери Жунусбековдун талапкерлигин колдобогонун жана мындан ары да колдобой турганын билдиришти. Жалган айтуу жол менен мэр болгусу келген бул жигиттин жолу болсун дейли…

Ал ортодо Жунусбековдон тышкары, айрымдар мэрлик кызматка Жамалбек Ырысалиевди, дагы да ж.б. көрсөтүүдө. Ырысалиев буга чейин Бишкек мэриясында эмгектенген, депутат да болгон. Ал эми Жунусбековдун таянганы Ташиев, Садыр Жапаров болсо керек. Себеби, бул жигит парламенттик шайлоодо «Мекенчилден» талапкер болуп чыккан. Бирок азыркы күнгө карата Жапаров менен Ташиевдин тарапташтарынын жана тууган-туушкандарынын бир тобу «майлуу» кызматтарды басып жыгылышты. Эл буга нааразы. Эрте ойгонгондор жана жакшылап жулунгандардын көбү чоӊ кызматтарга чоӊчоюп, «Чокчолой баатыр» болуп олтуруп алышты. Мындай өзүм билемдик саясат улана берсе, мунун аягы жакшы болбос…

Мыйзам боюнча мэрди Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары шайлашы керек. Шаардык кеӊештин депутаттарынын депутаттык мөөнөтү келерки жылдын 21-апрелинде бүтөт. Айтор, жакынкы учурда мэрлик кызматка ким шайланса да, ал кыска мөөнтөкө, убактылуу гана мэр болмокчу. Эмнеси болсо да тажрыйбасы да, тазалыгы да, эл, шаар башкаруу жөндөмү, таланты жоктор элдин кыжырына тийишип кызмат үчүн эт-бетинен кетип жатышкан учур…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here