Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусу жана пневмониядан төрт бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Баткенде, бири Ошто.

Акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталдыМурда ооругандардын 282си айыкты.

Оору жаңы такталган учурлар:

  • Бишкек шаарында — 123;
  • Баткен облусунда – 90;
  • Ош облусунда — 85;
  • Жалал-Абад облусунда — 79;
  • Чүй облусунда — 76;
  • Ош шаарында – 52;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Талас облусу — 15;
  • Нарын облусу — 4.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түздү. Анын 1122си жашоо менен кош айтышып, 46 726сы сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2919 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here