Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу сунуштаган Курманкул Зулушевдин талапкердигин жактырды. Аны отурумга катышкан 85 депутаттын 84 депутаты колдоп добуш берди.

Талкуу учурунда депутаттар Зулушевди саясий куугунтукка жол бербөөгө чакырышты. Башкы прокурорго талапкер өз кезегинде саясий себептерге таяп куугунтуктоолорго, “мурдагы жетекчинин кадры” деп жетекчилерди алмаштырууга жол бербесин айтты.

Курманкул Зулушев 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен келген. Ал коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.
2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here